Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде өлкөдөгү жаңы конуштарды электрлештирүүнүн учурдагы абалы тууралуу маселе каралат
Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин комитетинде өлкөдөгү жаңы конуштарга электр жарыгын киргизүүнүн учурдагы абалы тууралуу маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, “Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасы Азамат Абдыкадыров жасайт. Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында 4 маселе талкууланат. "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















