АФК Кубогу: "Дордой" клубу Тажикстандын чемпионун кабыл алат
Эртең, 15-майда футбол боюнча АФК Кубогунун тайпалык баскычында "Дордой" клубу Тажикстандын чемпиону "Истиклол" командасын кабыл алат.
Беттеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00дө башталат. Билет баасы 150-200 сом.
Командалардын алгачкы оюну 1-май күнү Дүйшөмбү шаарында өтүп, бишкектик клуб 4:1 эсебинде жеңилип калган.
"Дордой" клубу "Алтын Асыр", "Истиклол" жана "Худжанд" клубдары менен биргеликте D тайпасына туш келген. Аталган клубдар өз ара 2 жолудан беттеш өткөрүп, эң көп упай топтогон команда мелдештин плей-офф баскычына чыгат. 3 оюндун жыйынтыгы менен тайпанын сап башында 7 упай топтогон "Истиклол" клубу турса, "Дордой" командасы 1 упай менен акыркы орунда жайгашкан.
АФК Кубогу: 15-майда "Дордой" клубу "Истиклолду" кабыл алат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.