super.kg logo

Түрк элчиси менен муфтийдин ортосундагы нааразычылык боюнча Түркия тарап үн катты

 

Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси

Женгиз Камил Фырат.

Түркиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгы уюштурган ооз ачуу иш-чарасында Кыргыз өлкөсүндөгү Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фыраттын нааразычылыгы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий баракчасы кабарлады.

Басма сөз катчынын пикиринде, элчи жаралган жагдайга жараша туура реакция жасаган.

"8-майда Кыргыз өлкөсүнүн Муфтияты тарабынан уюштурулган ооз ачуу иш-чарасына ФЕТӨ уюмунун мүчөлөрү чакырылганын туура эмес деп эсептейбиз. Иш-чарада конок болгон Түрк элчиси жагдайды түшүнгөн соң туура жооп кайтарган.

Чет өлкөлөрдө жашап жаткан ФЕТӨ уюмунун мүчөлөрүнө каршы күрөшүү өлкөбүздүн негизги максаттарынын бири болуп саналат. Буга байланыштуу бизге боордош өлкөлөрдүн расмий органдарынын гана эмес, бардык уюмдарынын тилектештигин күтөбүз", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Түрк элчисинин жоругу боюнча эч кандай комментарий берилбей тургандыгын билдирди.

Буга чейин Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фыраттын мусулмандар дин башкармалыгына "мени террорчу менен бир дасторконго отургуздуңар" деп нааразы болуп жаткан видеосу тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
14.05.2019. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эч нерсе чече албаган ТИМди жоюп эле салыш керек
14.05.2019. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Себат деген нерсеси опшум болбогон нерсе.Ошол окуу жайга балдарын берген ата энелерди мен эч тушуно албадым.Кандай адамдар жаш уул кыздарын туктуу турктордун колуна тапшырышат коркпой?
14.05.2019. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
33SUUN,
Ошол болбогон нерседен дуйнонун 4 бурчунда ийгиликтерди багынткан кыргыздар тарбияланып чыгып жатат.
14.05.2019. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев сразу местасына коймок
14.05.2019. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тынч оозун ачып кетпейби?док кылбай,мечит салса АЛЛА ыраазычылыгы учун салып жатат аны бироо жакалап мажбурлап салдырган жок. Кимди чакырат же чакырбайт ар кимдин оз иши,куйоосуно таарынган аялга окшоп. Кыргызча айтканда ашынды ичейин,кадырына XXXX дегениби. Кишинин жумшагын киши жейт,жыгачтын жумшагын курт жейт деген чындык.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-15 10:58:14
15.05.2019. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bars88, улут аралык келишпестиктерди жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
15.05.2019. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mamiev, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: