super.kg logo
  Саясат  

Шайлоо алдында концерттерди уюштурууга, чет өлкөлөрдүн президенттери менен селфи түшүүгө тыюу салынышы мүмкүн

 

Шайлоо алдындагы үгүт митингдер, чогулуштар, теледебаттар аркылуу жүргүзүлүшү керек. Мындай эрежени камтыган мыйзам долбоорун депутат Бакыт Төрөбаев демилгеледи.

Анын айтымында, стадиондордо жана көчөлөрдө концерттерди жана театралдашкан көрсөтүүлөрдү, ошондой эле спорттук иш-чараларды үгүт катары өткөрүүгө тыюу салынышы керек. Мындан тышкары ал шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мезгилинде талапкерлер жана талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү чет мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлери менен чогуу тартылган фото жана видео материалдарды пайдаланууга тыюу салууну сунуштады.

"Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууну жүзөгө ашырууга тыюу салынат:

  • шайлоочуларга жана алардын жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрүнө акча каражаттарын төлөп берүүгө;
  • шайлоочуларга жана алардын жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрүнө белектерди жана башка баалуулуктарды тапшырууга;
  • товарларды жеңилдетилген баада сатып өткөрүүнү жүргүзүүгө;
  • Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тизмеге ылайык мамлекеттик символиканы камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, желектерди, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын символикасын камтыган футболкаларды, моюн орогучтарды, талапкердин сүрөтүн акысыз таратууну кошпогондо, кайсы болбосун товарларды акысыз таратууга; ошондой эле акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөрдү жарандарга жана коомдук бирикмелерге берүүгө тыюу салынат", - деп айтылат мыйзам долбоорунда.

Бул документ учурда коомдук талкууда. Эгер ал артка кайтарылбаса, парламенттин 3 окуудагы кароосунан кийин президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: