super.kg logo
  Саясат  

Балыкчынын мэри болуп шайланган 25 жаштагы Марат Кудайбергенов: "Жаштыгымды ушул кызматка арнаганга даярмын"

 

Балыкчы шаарынын мэри болуп 25 жаштагы Марат Кудайбергенов шайланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-майда шаардык кеңештин депутаттары шаар башчылыгына талапкерлигин койгон 2 адамга добуш беришти. Шайлоого шаардык кеңештин 31 депутаты катышты. Анын жыйынтыгында Марат Кудайбергенов 22 добушка ээ болуп, шаар мэри болуп шайланды. Кудайбергенов кайсы күнү жаңы кызматка киришери боюнча БШКнын чечими чыга элек.

"Мен буга чейин айткан убадаларымдын баарын аткарууга болгон аракетимди жумшайм. Жаштыгымды бул кызматка арнаганга даярмын. Жумуш убактысы 8 саат болсо, мен 16 саат иштөөгө даярмын", - деди ал шайлоонун жыйынтыгы угузулгандан кийин. Ал эми дагы бир талапкер Мирбек Шакиров 9 добушка ээ болду. Балыкчы шаардык кеңешинде "Замандаш", "Кыргызстан" фракцияларынан сырткары КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Республика-Ата Журт" фракциялары бар.

Кудайбергенов Марат Сагынович – “Замандаш” фракциясынан. 1993-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну. Билими жогорку – Жусуп Баласагын атындагы КУУну “Финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн.

Иш тажрыйбасы:

2011-жылдан 2017-жылга чейин – “Алыш Сервис” ЖЧКсынын башкы директору;

2017-жылдын августунан өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы;

2019-жылдан тарта “Кыргыз Республикасынын президентинин №2 мамлекеттик резиденциясы” мекемесинин маркетинг жана бош убакытты уюштуруу кызматынын башчысы.

Буга чейин Балыкчы шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетов иштеген. Ал 19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматына төрага болуп дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: