super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Жогорку Кеңештин төрагасына суроо бергенден коркуп калдым"

 

Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго 10 күн мурда мыйзам долбоорун жибергенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

“Депутат Жанар Акаев экөөбүз он күн мурда "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекске толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" мыйзам долбоорун демилге кылып төрагага жибергенбиз. Бүгүнкү күнгө чейин тийиштүү комитетке мыйзам долбоору түшө элек. Мыйзам долбоору төрагадан комитетке жетпей жатса, башка мамлекеттик органдардан эмнени талап кылабыз? Төрага кагып салат экен деп жыйында суроо бергенден коркуп калдым. Ал күчтүү жигит болуп калыптыр. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасы бардык тармак боюнча тартипти көзөлмөлдөп, иш жүргүзүшү керек”, - дейт ал.

Аталган комитеттин төрагасы Канат Керезбеков сунуш эске алынып, бул боюнча маалымат бериле турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: