super.kg logo

Өлкөдө "КТ Мобайл" аттуу жаңы уюлдук оператордун иштеп башташы күтүлүүдө

 

Кыргыз өлкөсүндө "КТ Мобайл" аттуу улуттук уюлдук оператордун рынокко чыгуусу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда маалымат жыйынында аталган компаниянын башчысынын орун басары Эрназар Иманкадыр уулу билдирди.

Анын айтымында, жаңы оператор рынокту өнүктүрүү жана кардарларды тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн керек. "Канчалык көп оператор болсо, байланыштын сапаты жакшы болот. Ошон үчүн биз төртүнчү уюлдук оператор катары рынокко кирген жатабыз. "КТ Мобайл" бул "Кыргызтелекомдун" туунду компаниясы. Ал 2003-жылы түзүлүп, GSM стандартындагы уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө лицензияны алган", - деди Иманкадыр уулу.

Жакында "КТ Мобайлдын" жетекчилеринин айлык маяналары 300 миң сом деген маалымат интернетке тараган. Компаниянын өкүлү бул маалыматты четке какты. "Биз муну окуп күлдүк. Чындыгында бизде минималдуу айлык 18 миң сом, максималдуу - 157 миң сом. Орточо айлыктын көлөмү 35-40 миң сом. Азыр бизде 27 адам иштейт", - деди компаниянын башчысынын орун басары.

Ал "КТ Мобайлдын" рынокко чыгуусуна айрым операторлор тарабынан атайылап бут тосуулар болуп жаткан болушу мүмкүн экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.05.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мени ишке алгылачы,15мин эле айлык болсо 3 баламды жакшы бакканы жетет эле...
14.05.2019. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маяна төлөнгөн жерлер биздин чоңдордун тааныштарынан ашпаса керек.Ачык конкурс болсо катышуу керек, бирок билбейм бош орун калбаса керек иштебей жатып

14.05.2019. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КТ МОБАЙЛ Салам деген сим карта или тариф менен чыга турган болушту.
14.05.2019. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коробузго
14.05.2019. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тарифти интернетти арзан көп кылгылачы,башка операторлор 10 гб интернет дейт да жарымы түнкү тариф кылышат.Түнү мен жана башка көпчүлүк колдонуучулар түнкү саат бирде кирбейбиз да.Ошон үчүн күндүзгүгө көбүрөөк ГБ кылгыла силерге өтөлү.
14.05.2019. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
titanik32,Ээн туураа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: