super.kg logo
  Саясат  

Комитет жыйынында билим берүү министрлиги китептерди ката чыгарып чоң кылмыш жасап жатканы айтылды

 

Билим берүү жана илим министрлиги китептерди ката чыгарып чоң кылмыш жасап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз мамлекеттик университетинин география жана туризм факультетинин деканы Ырыскүл Токторова билдирди.

Каталары бар чыккан 5- жана 6-класстын китептери басылмага кете электе эле Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганбыз. Анда биз китептердеги каталарды көрсөткөнбүз. Бирок ага эч ким көңүл бурган жок. Ал китептер ошол бойдон каталары менен чыкты, мына бүгүнкү күндө балдар ошол китептен билим алууда. Ар бир бетинде катасы бар китепти балдарга окутуу - бул келечек үчүн чоң кылмыш. Биз балдарды маңкурттарга айлантып жатабыз”, - деди Токторова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: