super.kg logo

ӨКМ: "Кара-Сууда 4 турак үйдүн чатырынын 629 чарчы метри күйдү, жабыркагандар катталган жок"

 

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 4 турак үйдөн чыккан. Өрттөн жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаңы-Турмуш тилкесиндеги Ибн Сина көчөсүндө 13-майда 20:20 чамасында 4 турак үйдөн өрт чыккан. Тилсиз жоо бир үйдөн чыгып, жанаша жайгашкан үйлөргө да өтүп кеткени маалым болгон. Саат 22:36да өрт толугу менен өчүрүлдү.

Маалыматка караганда, жалпы 629 чарчы метр жыгач устундуу темир менен жабылган чатырлар күйгөн.

"Өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок. Өрт болжол менен электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан же электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.05.2019. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу сактасын жаман кырсыктардан бул бечараларга Эми окмот жардам берсе жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: