Кара-Көлдө ИИМдин ички аскерлер бөлүгүнүн кызматкери өз үйүндө асынган абалда табылды
Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында ИИМдин ички аскерлер бөлүгүнүн кызматкери өз үйүндө асынган абалда табылды. Маалыматты облустук милиция тастыктап, буларды билдирди.
Белгилүү болгондой, окуя 13-май күнү болгон. Анда 38 жаштагы кызматкер К.Т. убактылуу жашап жаткан үйүндө асынып алган.
"Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өз өмүрүнө кол салуу фактысынын негизинде катталды. Себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди маалымат катчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.