31-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 миллиард 807 миллион метр кубду түздү
31-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 807 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 2012-жылдын ушул күнү бул көрсөткүч 16 миллиард 968 миллион метр кубду түзгөн. Аталган суу сактагычка суунун агып кириши учурда секундуна 660 метр куб болсо, былтыр 31-июлда 522 метр куб болгон. Бүгүнкү күнгө карата суунун агып чыгышы 402 метр кубду түзүүдө, былтыр 399 метр кубду түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

