super.kg logo

Экс-депутат Музаффар Исаков 7 жылга эркинен ажыратылды

 

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Музаффар Исаков 7 жылга эркинен ажыратылды. Чечимди Жалал-Абад облустук соту чыгарган. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чечим бүгүн, 14-майда чыккан. Анда экс-депутат сот залынан камакка алынып, үй-мүлкү конфискацияланды. Ошондой эле депутат менен бирге айыпталып жаткан 3 адамдын бири 5 жыл алты ай, экинчиси 5 жыл, үчүнчүсү 4 жылга кесилди.

2017-жылдын 13-февралында башкы прокурор тарабынан Музаффар Исаковго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген деп айыпталууда.

Буга чейин Сузак райондук соту экс-депутат Музаффар Исаковду жети жылга үч жылдык сынак мөөнөтү менен шарттуу кесип, беш жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматтарга иштөө укугунан ажыраткан. Башкы прокуратура экс-депутаттын мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 12 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
14.05.2019. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Киттер калып чабактар кармалууда..
15.05.2019. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KaGaH,жон эле жазып коюпсун э. Кит 7 жылга чабактар 4.5жылга камалыптырго.
15.05.2019. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болот
15.05.2019. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайларды камаш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: