Бир керебетте 4-5тен, калганы полдо уктап жаткан Бишкектеги №1 "Шоола" бала бакчасына келген ар бир бала текшерилүүдө
Бир керебетте 4-5тен, калганы полдо уктап жаткан Бишкектеги №1 "Шоола" бала бакчасында текшерүү иштери аягына чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди.
Белгилүү болгондой, буга чейин бала бакчанын директору Айнагүл Мадылбаевага сөгүш берилип, мындан сырткары тиешелүү кызматкерлер да жазаланган.
"Учурда аталган бала бакчада Биринчи Май райондук прокуратура тарабынан текшерүү иштери улантылууда. Бала бакчага канча бала келип жатканын так аныктоо максатында ар бир балага карточка ачылып, ага балдардын сүрөттөрү чапталды. Азыркы тапта текшерүү иштери аягына чыга элек", - деди Мейрманова.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
23-апрель күнү интернетте бала бакчада 50гө жакын бала бир бөлмөдө, бир керебетке 4-5тен узун-туурасынан жатканы тартылган видео тараган. Кээ бири батпай калып, полдо уктап жаткандары да бар. Тасма Бишкектеги №1 "Шоола" бала бакчасында тартылганы аныкталган. Бул видеодон кийин бала бакчага барган балдардын ата-энелери чогулушуп, арыз-муңдарын билдиришкен.




