Бүгүн Жогорку Кеңеште алкоголдук ичимдиктердин сүрөтү түшүрүлгөн товарларды сатууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору каралат
Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңеште сыртына алкоголдук ичимдиктердин аталышы же сүрөтү түшүрүлгөн товарларды сатууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, "Жарнак жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланат. Мыйзам долбоору өкмөт тарабынан демилгеленген. Күн тартипке ылайык, жыйында 5 маселе каралат. "Кыргыз-Түрк өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору, "Кыргыз-Түрк өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору талкууланат.






1 |