super.kg logo
  Спорт  

Чабуулчу Антуан Гризманндын "Атлетикодон" "Барселонага" өтүшү күтүлүүдө

 
"Атлетико" футболдук клубунун чабуулчусу Антуан Гризманн клубдан кете турганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Гризманн алдыга жаңы максаттарды койгондугуна байланыштуу клубдан кетип жаткандыгын билдирген. 28 жаштагы форвард жай айларында "Барселона" футболдук клубуна өтөрүн да кошумчалаган.
"Диего Симеоне ("Атлетиконун" машыктыруучусу) жана клуб жетекчилигинин башка мүчөлөрү менен болгон сүйлөшүүдөн кийин кетүүнү чечтим. Мен өзүмө жана жаңы максаттарга чакырык таштадым. Бул мага керек деп ойлойм. 5 жыл аралыгында көрсөткөн колдооңуздар үчүн рахмат. Дал ушул клубдун курамында чоң ийгиликтерге жетиштим, ал күндөр эч качан унутулбайт", - деп билдирген футболчу.

Гризманн "Атлетико" клубуна "Реал Сосьедад" клубунан 2014-жылдын жай айларында өткөн. Беш сезон аралыгында чабуулчу мадриддик клуб үчүн жалпы 256 беттеш өткөрүп, 133 гол киргизген. Ошондой эле 2014-жылы Испаниянын Суперкубогун, Европа Лигасын (2017/2018) жана УЕФА Суперкубогун (2018) жеңген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.05.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өтсүн.
15.05.2019. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер гризман өтсө Суарес кетсе керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: