super.kg logo
  Саясат  

Парламентте биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендер боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

 

Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендер боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

"Маалымат каражаттарына тендер боюнча УКМК жетекчисинин да ошого байланышы бар деп жазылып жатат. Бул маселе боюнча реакция кылбасак, коомчулук парламентке терс баасын берет. Ошондуктан биз депутаттык комиссия түзүп, бир топ маалыматты ачыкка чыгарсак туура болот. Тендерге катышкандар дагы депутаттык комиссия түзүлсө бир топ маалымат беребиз деп жатат. Күн тартибине ушул маселени киргизүүнү сунуштайм", - дейт депутат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков регламент боюнча, фракциянын, комитеттин чечими керектигин билдирди.

Буга чейин УКМК жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар аныкталганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: