Депутат "Манас", "Семетей", "Сейтек" деген аттарды алкоголдук ичимдиктерге пайдаланууга тыюу салуу керектигин айтты
Депутат Рыскелди Момбеков "Манас", "Семетей", "Сейтек" деген аттарды алкоголдук ичимдиктерге пайдаланууга тыюу салуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Манас" үчилтиги боюнча мыйзамда "Манас", "Семетей", "Сейтек" аттарын атоо боюнча өкмөттүн токтому керек деп жазылган. Бизде бүгүнкү күндө "Манас" деген арак, "Семетей", "Сейтек" деген коньяк бар, ошолорго өкмөттүн токтому барбы?" - деп сурады депутат.
Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров бул боюнча бир жыл мурун талкуу болуп, комиссия түзүлгөнүн айтты. "Кыргызпатенттин мыйзамы боюнча, алардын ушул аттарды колдонгонго 10 жылга чейин укугу бар. Ал бренддерге тыюу салсак, компенсация төлөп беришибиз керек болот", - деди Абакиров.






1 |