Ооз ачуу иш-чарасындагы пикир келишпестик боюнча Тышкы иштер министрлиги үн катты
Тышкы иштер министрлиги ооз ачуу иш-чарасында орун алган Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси менен Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин ортосундагы нааразычылык боюнча үн катты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин пикиринде 8-майда орун алган пикир келишпестик эки өлкөнүн мамилесине эч кандай таасирин тийгизбейт.
"Акыркы жылдары Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы мамиле дагы бир деңгээлге көтөрүлдү. Кызматташтык үчүн бардык шарттар түзүлдү. Ооз ачуу иш-чарасындагы пикир келишпестик - элчи менен муфтийдин жеке мамилеси. Бул окуя боордош мамлекеттердин алакасына эч кандай таасирин тийгизбейт", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фыраттын мусулмандар дин башкармалыгына "мени террорчу менен бир дасторконго отургуздуңар" деп нааразы болуп жаткан видеосу тараган. Кийинчерээк аталган окуя боюнча Түркия тарап билдирүү таратып, элчинин иш-аракеттерин колдоого алган.
Түрк элчисинин мусулмандар башкармалыгына нааразы болгон видеосу тарады





1 |