Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев Аскер прокуратурасына суракка чакырылды



Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Дамир Мусакеев Аскер прокуратурасына суракка чакыртылды. Маалыматты Мусакеев SUPER.KG порталына тастыктап, чакыруу кечээ, 14-майда саат 20:00дөрдө келгенин билдирди.
"Бүгүн саат 15:00гө күбө катары чакырылдым. Суракка барам" деди ал.
Ушул жылдын февраль айында ага карата "кызматтык абалынан пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп шектелүүдө.
Ал эми 8-майда Башкы прокуратура Мусакеевге "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алган деп айыпталган. Сатып алынган мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы, аталаш бир тууганына) катталганы да маалымдалган. Кийин Мусакеев эгер анда Башкы прокуратура көрсөткөндөй мүлктөрү болсо, 2016-жылга чейин үй-бүлөсү менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашабай тургандыгын айтып чыгып, журналисттерге 20 миллион сомдук делген үйлөрүн 4,5 сааттын ичинде көрсөтүп бүткөн. Анда ал Башкы прокуратура көрсөткөн мүлктөрдүн айрымдары ага жана жакындарына тиешелүү эмес экенин билдирген. Андан соң Башкы прокуратура билдирүү таратып, Дамир Мусакеев журналисттерге ачык көрсөткөн жер тилкелер жана үйлөр - анын жакын туугандарына катталган мүлктөрдүн бир бөлүгү гана деген.








1 |