Жогорку Кеңеште Ош-Стамбул каттамын кайра ишке киргизүү боюнча маселе каралды
Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында Кыргыз-Түрк өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдарын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол жөнүндө ратификациялык мыйзамдын долбоору каралды.
Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеӊишбек Ногойбаевдин айтымында, жогоруда аталган келишимдин алкагында Ош-Стамбул авиакаттамын ачуу демилгеси каралууда. "Түрк тарап зарыл документтердин баарына кол койду, эми аны кыргыз тарап ратификациялоого тийиш", - деди ал.
Депутат Бактыбек Сыдыков Кыргыз мамлекетинин жарандык авиация тармагы системдүү кризистен чыга албай жатканын айтты. "Кыргыз өлкөсү эгемендик алгандан бери мамлекет тарабынан авиация тармагына жарытылуу жардам бериле элек. Бир нерсени талап кылганга жараша кандайдыр бир деӊгээлде жардам берилиши керек да. Ансыз жарандык авиациянын өнүгүшү кыйын", - деди эл өкүлү.




