Жалпы республикалык тестирлөө учурунда эмнелерди кылууга болбойт (тизме)
Жалпы республикалык тестирлөө учурунда эмнелерди кылууга болбой турганын бүгүн, 15-майда маалымат жыйынында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Чынара Батракеева билдирди.
“Жалпы республикалык тестирлөө учурунда эрежелерди бузган абитуриент тесттен четтетилет, демек, бул жылы тесттин жыйынтыктарын албай, Кыргыз өлкөсүндөгү жогорку окуу жайларга тапшыруу укугунан ажырайт”, - дейт Батракеева.
Тест учурунда эмнелерди кылууга тыюу салынат тизме:
- Тест өтүп жатканда же танапис учурунда жанында уюлдук телефон, калькулятор, калькулятору бар саат, камера, фотоаппарат жана башка электрондук буюмдарды алып жүрүүгө;
- Байланыш каражаттары (иштебеген, өчүк абалда болсо да);
- Тест учурунда тест дептерлериндеги, жооп барактарындагы тест материалдарын сүрөткө тартуу жана аны башка жол менен көчүрүп алууга аракет жасоого.
“Ар түрдүү себептерден улам катталууга жетишпей калган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт. Алар 20-июндан кийин тест тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат”, - деп кошумчалады Батракеева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

22:06
2025-07-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.