SUPER TV: "Токолдун азабы" (1-бөлүк)
Күйөөсү, аялы, токолу... Үч бурчтук сүйүү же токолдун курмандыктары... Мунун баары "Токолдун азабы" аталышындагы жүрөк сырында чагылдырылат.
"Биз таанышканда мен жаңыдан чыгып келе жаткан актриса болчумун. Театрдан чыгып эле Асылбектин күтүп турганын көрчүмүн. Мен чыкканда чуркап келип, дароо кучактап тегеретип жиберчү. Ал күндөрдүн таттуулугу, ай. Бири-бирибизге караганыбызда көзүбүздөн от жанып, ал от бүтүн денеме жылуулук берип турар эле. Сулуу, таланттуу болчумун. Ал кезде Асылбек мени аябай кызганар эле.
Биз үйлөнүп алдык. Менин окуумдун бүтүшүн күтпөй, ал жаңыдан гана иштеп баштаганда баш коштук. Кыйналдык, батирлерде жашадык, балалуу болдук. Турмуштун ысык-суугунун баарын Асылбек менен бирге тарттым. Ал уйкусуз түндөрдө иштегенде жанында кофе даярдап турдум. Ооп баратса сүйөдүм, бир нерсеге жаны кыйналса ар дайым жанында болдум. Анын көңүлү ток болсун деп үйдөгү бардык түйшүктү моюнума алдым. Бул арада эки балалуу болдук.
Ошол күндөрдүн биринде Асылбектин көңүлдөшү бар экенин билип калдым. Экөө бейкапар көчөдөн кол кармашып, өбүшүп, жытташып кетип бара жаткан экен. Тиги кыз кечээ эле мектепти бүткөн секелекке окшош. Секелек болбой куруп калсын, бүтүндөй дүйнөмдү талкалады".
Окуяны толугу менен төмөндөгү видеодон көрө аласыздар.
Токолдун азабы. “Күйөөмдү көңүлдөшү менен көрдүм” (1-бөлүк)




