"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Айылга малдын өлүктөрүн таштай турчу чуңкур казылат" дейт айыл өкмөтү
"Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын четинде малдын өлүктөрү ташталып жатат. Алардын саны өтө көп. Өлүмүнүн себептери белгисиз" деген окурман SUPER.KG порталына кайрылган.
Бул окуя боюнча Кара-Суу айылынын башчысы Шекербек Кабаевге кайрылып, төмөнкүчө жооп алдык.
"Эки жума мурун айылдан кимдир бирөө өлгөн эки уйду таштанды төккөн жерге ыргытып кетип калыптыр. Биз азыр ошол адамды издеп жатабыз. Негизи айылдагы өлгөн малдар таштанды төккөн жердеги чуңкурга ыргытылып, сөзсүз түрдө көмүлчү. Ал эми айылда атайын малдын өлүктөрүн салып, зыяны тийбей турган чуңкур жок. Бул маселени мен дайыма көтөрүп келе жатам. Аягы барып эле акча маселесине такалат. Жакында таштанды таштоочу чуңкур казууга 250 миң сом бөлүндү. Азыр бардык пландар даярдалып жатат. Анан тендер өткөрөбүз. Буюрса ушул жылдын 3 кварталында чуңкур казылып, чети корулуп, ооруп өлгөн малдарды салуу үчүн жай жасалат", - деди Кабаев.
Ошондой эле айыл башчы бул таштанды таштоочу жер айылдын четинде жайгашканын айтып, малдын өлүктөрү ээси тарабынан көмүлүп келгенин айтат.
Атбашынын Кара-Суу айылында "өлүк кокту" пайда болду
