Июнь айында күндүз абанын температурасы +36 градуска жетиши күтүлөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз өлкөсүндө июнь айында күтүлгөн абанын температурасы тууралуу болжолдуу маалымат беди. Ага ылайык 7 облуста тең жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
Чүй облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо +16 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +22 градуска чейин, күндүз +35 градуска чейин ысышы мүмкүн.
Талас облусунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +19, күндүз +34 градуска чейин жетиши күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болот. Түнкүсүн +23, күндүз +36 градуска чейин жетиши ыктымал.
Ысык-Көл облусунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +12 градустун тегерегинде болуп, күндүз +27 жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Нарын облусунда июнь айында абанын температурасы түнкүсүн +11, күндүз +27 градуска чейин жетиши мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт.




