super.kg logo
  Спорт  

Александр Крестинин: "Футболчуларыбыз керектүү учурда күчтөнүп, жеңишти тартып ала алышты"

 

"Дордой"-"Истиклол" беттешинде бишкектик клуб жеңишке оңой жете алган жок. Мындай пикирин оюндан кийинки маалымат жыйынында бишкектик клубдун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү беттеште оюнчулар аягына чейин күрөшүп, жыйынтыгында ийгилик жылмайды.

"Алгачкы таймда көптөгөн катачылыкка жол бердик. Мындан пайдаланган атаандаш гол жаратты. Бирок экинчи таймда команда өзүнө келип, керектүү учурда күчтөнө алды. Жыйынтыгында эмгегибиздин акыбети кайтып, жеңишке жетише алдык.

Буга чейинки статистикаларды карап көрсөк "Дордой" да, "Алай" да эл аралык беттештерде көп жылдан бери жеңишке жете элек экен. Бүгүн ал ийгиликсиз учурларга чекит коюлду. Алдыдагы оюндарда дагы жеңишке жетишүү үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз.

Бүгүн биз баарын туура аткардык десем болот. Бирок көйгөйлөрүбүз дагы аз эмес. Мисалы, коргонуу бөлүгүндө кемчиликтер бар. Буга кошумча Азамат Байматов дагы жаракат алып калды. Бул жагынан алып караганда абалыбыз оңой эмес. Анткен менен футболчуларыбызды мактай кетсем жарашат. Алар алгачкы бөлүктө утулуп жатканына карабай жеңишти алып келишти. Алдыда дагы 2 оюн бар. Аягына чейин күрөшүп, тайпадан чыгууга аракет кылабыз", - деди Крестинин.

АФК Кубогунун тайпалык баскычынын 4-турунда орун алган "Дордой"-"Истиклол" беттеши 2:1 эсебинде бишкектиктердин пайдасына жыйынтыкталды. Кийинки турда Александр Крестининдин шакирттери Түркмөнстандын "Алтын Асыр" клубу менен ойнойт. Беттеш 19-июнда Түркмөнстанда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
16.05.2019. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саша сен озу маладес баласын да. Саша воинов да кооп жакшы брат. Чемпион кыла бергиле Кыргызстандын атын чыгарып.
16.05.2019. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкектин пайдасына алып келди дегени кандай эмне Бишкек Кыргызстандан башкабы? Бишкек деп болбой эле Кыргызстандын пайдасына десе эмне болот. Же дордойдо жалан бишкектиктер ойнойбу. Бул туура эмес.
16.05.2019. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
KAYRATBEK,Дордой Бишкек шаарынын клубу, андыктан Бишкек деп айтылат. Мисал Алай клубу Ош шаарынын клубу же Нефтчи Кочкор Атанын клубу Кочкор Атаныкы болуп эсептелинет. Эч кандай капа болуунун кажети жок.
16.05.2019. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматтар! Куттуктайм!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: