super.kg logo
  Саясат  

Талас. Облус башчы 3 жылда аткарылган иштер боюнча маалымат берди

 
Облус башчынын маалыматы 3 жыл ичинде аткарылган иштерди баяндаган сюжет менен башталды.
Жыйындын катышуучулары
Жыйынга облус башчынын орун басарлары Байышбек Жуманазаров, Рыскелди Ботиков жана башкалар катышты
Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү 2010-2013-жылдар аралыгындагы жасалган иштерди баяндап берди

31-июлда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева 2010-2013-жылдар аралыгында аткарылган иштери тууралуу маалымат берди. Анда ыйгарым укуктуу өкүл буларга токтолду: “3 жыл ичинде Талас облусунда жакшы да, жаман иштер да болду. Унаа жолдору оңдолду, коңшу Казакстандын Жамбыл облусундагы “Орталык” базарынан Талас эли үчүн бекер орундар берилди. Ошондой эле 2010-жылы болгону 14 бала бакча болсо үстүбүздөгү жылы анын саны 34кө жетти. Мындан тышкары өкүлчүлүктүн түздөн-түз демилгеси менен райондорго тапшырмалар берилип, жашылдандыруу мурдагыга салыштырмалуу жогорку деңгээлде ишке ашып жатат”,- деди. Облус башчы аткарылган иштерди кыска сөзгө камтуу мүмкүн эмес экенин белгиледи. Жыйында 3 жыл ичинде облуста 276 ар түрдүү нааразычылык акциялары болгону айтылды.  

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: