super.kg logo

"Газпромнефттен" унааңызга май куюп дүйнөдөгү каалаган өлкөгө саякаттоону же 2019-жылы чыккан 2 HyundaiCreta кроссоверинин бирин утуп алыңыз!

 

"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагында "ДРАЙВДЫ КӨБӨЙТӨБҮЗ!" деп аталган акция старт алды. Машинаңызга май куюу менен эми сиз дүйнөдөгү каалаган өлкөңүзгө саякатто мүмкүнчүлүгүн утуп алсаңыз болот. Мындан тышкары эң максималдуу комплектациядагы, 2019-жылы чыккан жапжаңы 2 HyundaiCreta кроссоверинин бирин утуп алсаңыз болот!

Акция 2 этап менен өтөт: биринчи этабы - ушул жылдын 15-майынан 31-июлга чейин уланат, экинчи этап ушул жылдын 1-августунан 15-октябрга чейин өтөт.

Акцияда утушка коюлгандар:

* дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө саякат;

* 20 сыналгы;

* 20 велосипед;

* 20 смартфон;

* 20 смарт-саат;

* унаа шаймандарынын 20 топтому;

* 150 литр күйүүчү майга 20 даана сертификат;

* 100 литр күйүүчү майга 20 даана сертификат;

* 50 литр күйүүчү майга 20 даана сертификат.

Башкы байгелер - 2019-жылы чыккан 2 HyundaiCreta кроссовер акциянын финалдык бөлүгүндө, экинчи этаптын аягында ойнотулат.

Акцияга кантип катышса болот?

"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармактарынан унааңызга май куюп, катышуучунун купонуна мөөр топтоңуз. Ар бир куйган 10 литр күйүүчү май үчүн бир мөөр басылат. Ал эми G-Drive күйүүчү майын куйсаңыз 2 мөөр басылат. Акцияга күйүүчү майдын бардык түрү кирет.

Купонуңузга он мөөр басылгандан кийин аны скретч-картага алмаштырасыз. Андан кийин анын номерин www.gpn-promo.kg сайтына каттаңыз же "УДВАИВАЕМ ДРАЙВ!" мобилдик тиркемеси аркылуу да каттасаңыз болот (аталган тиркемени AppStore же Playmarket'тен акысыз жүктөп алсаңыз болот).

Көбүрөөк май куюңуз!

Автоунааңызга канчалык көп күйүүчү май куйсаңыз - баалуу белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук чоң болот! Байгелерди утушка коюу RANDOM айланма генераторунун жардамы менен комиссиянын жана көз карандысыз байкоочулардын катышуусунда өтөт. Акциянын биринчи этабынын жыйынтыгы менен утуш ушул жылдын 7-августунда ойнотулат. Экинчи этаптын жана финалдын жыйынтыгындагы утуш 23-октябрь күнү ойнотулат.

Утуш оюндары өткөрүлгөн күнү, сааты, өткөн жери тууралуу так маалыматтар "Газпромнефть" май куюучу жайларына 1 апта мурун илинет.

"ДРАЙВДЫ КӨБӨЙТӨБҮЗ!" акциясынын жеңүүчүлөрү жөнүндө маалыматтар www.gazprom-neft.kg, www.gpn-promo.kg сайтына жайгаштырылат. Ошондой эле маалыматтарды кардарларды колдоонун бирдиктүү борборуна 5151 номерине (уюлдук телефондон чалуу акысыз) утуш өткөндөн 5 күн ичинде чалып билсеңиздер болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.05.2019. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуну жакшы чыгарышты. Биз моор чогултуп, бекер май куйуп алабыз керек болгондо. Жон куйбай бонусу болуп, элге пайда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: