super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "4 миллиард доллар карызыбыздын 1 миллиарды Бишкек-Ош унаа жолуна жумшалган, бирок жолдун абалы начар"

 

"Өлкөнүн карызы 4 миллиард доллар болсо, анын 1 миллиарды Бишкек-Ош унаа жолуна жумшалган, буга карабастан жолдун абалы өтө начар", - деп бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

"Республикалык маанидеги жолдордун курулуштары жүрүп жатканы менен, алардын сапаты жакшы эмес. Учурда Бишкек-Ош унаа жолунун абалы өтө начар, анын тамтыгы чыгып калган. Жолдун жыртыктарынан качабыз деп айдоочулар жол кырсыгына кабылган учурлар да көп.

Айдоочулар Сосновка айылындагы посттон өтүп жатканда жеңил унаалар үчүн 45 сом, ал эми чоң жүк ташуучу унаалар 450 сомдон төлөшөт. Ал акчалардын негизги бөлүгү ошол жолдорду оңдоого жумшалышы керек эле. Бирок Транспорт министрлиги көрүнүктүү иштерди аткарган жок. Топтолгон акчалар кайда кетип жатат? Жаз, жай келгенде бул маселе көтөрүлөт, бирок чечилбей келет", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: