300 миң сом айлык алат делген "КТ Мобайлдын" директорунун орун басары кызматынан кетти
"КТ Мобайлдын" директорунун орун басары кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган жоопкерчилиги чектелген коомунун басма сөз кызматы кабарлады.
"15-майдан тарта өз каалоосу менен жумуштан кетүү арызын жазгандыгына байланыштуу Эрназар Иманкадыр уулу "КТ Мобайл" жоопкерчилиги чектелген коомунун кызматкери болуп саналбайт", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин интернетке "КТ Мобайлдын" жетекчилеринин айлык маяналары 300 миң сом деген маалымат тараган. Компаниянын өкүлү Эрназар Иманкадыр уулу бул маалыматты четке какты. Жогорку Кеңеште бул боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.
Кечээ, 15-майда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таратып, Эрназар Иманкадыр уулунун атасы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы экендигин тастыктаган.
Биз "Ачык Өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев премьер-министрдин бажасы экендигин ырастайбыз. Бирок анын уулу Эрназар "КТ Мобайл" компаниясынын директорунун орун басары экендигин Мухаммедкалый Абылгазиев ушул кезге чейин билген эмес. Бул жагдайда өкмөт башчы ал кызматтан кетүүсү керек деп эсептейт", - деп билдирген басма сөз кызматы.
Мындан сырткары маалыматта өкмөт башчы "КТ Мобайл" кызматкерлеринин маяна өлчөмүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү жана анын уюмдук түзүмүнүн натыйжалуулугун талдоону тапшырганы белгиленген.







1 |