Депутат: "60-100 миң шайлоочулардын добушун алган партиялардын парламентке кирбей калышы акыйкатсыз болуп калат"
Бүгүн, 16-майда депутат Бакыт Төрөбаев шайлоо тууралуу мыйзам долбоору боюнча маалымат жыйын өткөрдү.
Мыйзам долбоорунда 3төн 5 пайызга чейинки шайлоочулардын добушун алган саясий партияларга атайын квота 5 депутаттык мандатты бекитип берүү сунушталып жатат. "60-100 миң шайлоочулардын добушун алган партиялардын парламентке кирбей калышы акыйкатсыз болуп калат", - дейт Төрөбаев.
Ошону менен катар эле мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттарын мандаттарын алууга катышуу үчүн саясий партияларга шайлоочулардын добушун 9 пайыздык босоголук чекти 5 пайызга түшүрүү сунушталып жатат.
Төрөбаев "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
-1

