super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 16-МАЙ: Футбол боюнча улуттук кураманын чабуулчусу Виктор Майер 29 жашка толду

 

Футбол боюнча улуттук кураманын чабуулчусу Виктор Майер 1990-жылы 16-майда Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Люксембург айылында төрөлгөн. 10 айлык кезинде үй-бүлөсү менен бирге Германиянын Оснабрюк шаарына көчүп кетишкен.

Жаштайынан "Блау-Вайс Шинкель", "Оснабрюк-1899" өңдүү жергиликтүү футболдук клубдардын катарында ойноп жүрүп, 2006-жылы "Гамбург" клубунун академиясына кабыл алынган. 2008-2011-жылдары аталган клубдун 2-курамында ойногон. 2011-2017-жылдары Германия чемпиондугунун төмөнкү дивизионундагы командаларда ойноп келген. 2017-жылы Германиянын "Түштүк" регионалдык лигасынын "Виденбрюк" клубуна өтүп, бүгүнкү күнгө чейин аталган команданын курамында ойноп келет.

17 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Германия курама командасынын катарында 2007-жылдагы Европа чемпиондугуна чакырылып, мелдеште 1 оюн ойногон.

2015-жылы Кыргыз курама командасынын менеджери Мирлан Айталы немис журналисти Мирон Гойхмандын жардамы менен Кыргыз жеринде туулган германиялык футболчулар Виктор Майер менен Виталий Люкска улуттук командада ойноо сунушун киргизген. Ошол эле жылдын июнь айында Бангладешке каршы беттеште Майер Кыргыз өлкөсүнүн курамында дебют жасаган. Бүгүнкү күнгө чейин Майер кыргыз курамасынын катарында 18 оюн өткөрүп, 1 гол жаратууга жетишкен.

16-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.05.2019. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кун кут болсун!
Ден соолугун чын болуп олкобузго жениш алып келе бер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: