Өлкөдө дагы бир уюлдук байланыш оператору ачылат
Кыргыз өлкөсүндө "Salam" деп аталган уюлдук байланыш оператору ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин, "Альфа Телеком" жана "Кыргызтелеком" компанияларынын жетекчилери менен "Альфа Телеком" жабык акционердик коому жана "КТ Мобайл" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда кызматташтыктын талаш маселелерин жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү.
"Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча "Альфа Телеком" "КТ Мобайл" менен жыштыктарды биргелешип колдонуу боюнча кызматташууну улантат. Ал "Кыргызтелекомдун" туунду компаниясы. Бул өнөктөштүктүн алкагында жакынкы айларда виртуалдык оператор түзүү долбоорун ишке киргизүү пландаштырылган. Бул үчүн "Альфа Телеком" өзүнүн техникалык базасын берип, таяныч оператору болот.
Биргелешкен ишмердүүлүктөн түшкөн кирешенин 67 пайызы "Альфа Телекомго", ал эми 33 пайызы "КТ Мобайлдын" пайдасына түшөт.
"Альфа Телеком" "КТ Мобайл" менен жыштыктарды биргелешип пайдалануу жөнүндө уюлдук операторлор арасындагы аукциондун жеңүүчүсү болгон. Талаш маселелер чечилген соң тараптар кызматташтыкты улантышты. "Альфа Телеком" Кыргыз өлкөсүнүн рыногунда "Salam" бренди менен төртүнчү уюлдук байланыш операторун бир айдын ичинде ишке киргизүү милдетин өзүнө алды", - деп айтылат маалыматта.

















1 |