super.kg logo
  Саясат  

"Адилеттүүлүк үчүн" комитети президентке жана Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча талаптарын койду (тизме)

 

2019-жылдын 13-майында өткөн "2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоонун укуктук тобокелчиликтери" аталышындагы тегерек столдун резолюциясы кабыл алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Адилеттүүлүк үчүн" комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, тегерек столго жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер, саясат таануучулар жана саясатчылар катышты.

"2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоо маанилүү болот жана өлкөнүн өнүгүү векторун аныктайт. Ошондуктан өзүнө көптөгөн укуктук, саясий жана институционалдык тобокелчиликтерди камтыйт", - дешти комитеттен.

Буга байланыштуу тегерек столдун катышуучулары президенттен, Жогорку Кеңештен шайлоону ачык, таза, адилеттүү өткөрүүнү суранат жана төмөнкүлөрдү талап кылат:

  • Жогорку Кеңештен тез аранын ичинде шайлоого тиешелүү мыйзамдардын долбоорлорун талкуулап, жарандык коомдун, эксперттердин жана саясатчылардын катышуусу менен Макулдашуу комиссиясын түзүүнү;
  • Жарандардын партиялык тизменин ичинен, депутаттарды түз шайлоо Конституциялык укугун камсыз кылууну;
  • Саясий атаандаштыкты өнүктүрүүчү бардык партиялардын ММКларды пайдалануусуна жана шайлоочулар менен жолугуусуна бирдей шарт түзүлүшүнүн укуктук негизин эске алуу;
  • Добуш сатып алууга каршы чараларды күчөтүү;
  • Шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтүн 3 айга узартып жана үгүттөрдө дебаттарга басым жасоо;
  • Партиялардын Жогорку Кеңешке өтүү босого чегин 5 пайызга түшүрүү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: