SUPER TV: “Мен үстүңкү, күйөөм астыңкы кабатта токолу менен жашап калды”. Токолдун азабы (2-бөлүк)
Күйөөсү, аялы, токолу... Үч бурчтук сүйүү же токолдун курмандыктары... Мунун баары "Токолдун азабы" аталышындагы жүрөк сырында чагылдырылат.
"Күндөр өтүп жатты. Сабагынан үзүлгөн жалбырактай куурап бара жатканымды эч ким сезбеди. Кичинекейлерим да сезген жок.
Ошол күндөрдүн биринде Асылбек экинчи аял ала турганын айтты.
– Бермет, сен билесиң эми Жазуля экөөбүздүн мамилебизди. Анын... тиги.. эме.. боюнда бар. Экинчи аял болуп тийгенге макул.
Биринчи жолу өзүмдөн чыгып кеттим. Чаңырып, кыйкырып, бакырып жаттым. “Болбойт, өлөм” деп коркуттум. Бирок болгон жок, оюна бир нерсе келсе эч качан токточу эмес.
– Бермет, аны алып келем. Алдыңкы кабаттагы бөлмөгө ал жашайт, үстүңкү кабаттагы бөлмөдө сен жашайсың.
– Жок дегенде башка үйгө алып бар.
– Ал бул үйгө келгиси келип жатат.
Мен дагы деле ишене албадым. Алып келбейт, ага күчү, эрки жетпейт деп ойлодум. Бирок жетти. Эшикти ачканымда чемоданы менен турган тиги кызды көрдүм.
Көздөрүндө уялуу эмес, тескерисинче мени мыскылдоо, басмырлоо бар эле. Буттарымдан ал кетип теңселе түштүм"...
Окуяны толугу менен төмөндөгү видеодон көрө аласыздар.
“Мен үстүңкү, күйөөм астыңкы кабатта токолу менен жашап калды”. Токолдун азабы (2-бөлүк)
Токолдун азабы. “Күйөөмдү көңүлдөшү менен көрдүм” (1-бөлүк)






1 |