super.kg logo
  Саясат  

Акын, жазуучу Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдык мааракесин белгилөө пландалууда

 

Акын, жазуучу, котормочу Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдык мааракесин белгилөө планы өкмөттө талкууланып жатат. Буга карата кыргыз, казак төкмө акындарынын арасында сынак уюштуруу, китеп жана дисктерди чыгаруу каралууда. Борбордогу мектептердин бирине Р.Шүкүрбековдун ысымын ыйгаруу сунуштары да айтылууда. Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири болгон Райкан Шүкүрбеков Таластын Ак-Чий айылында 1919-жылы жарык дүйнөгө келген. Көп жылдар бою Кыргыз улуттук филармониясынын адабият бөлүмүн жетектеп келген. “Жаркынай”, “Айдар”, “Жапалак Жатпасов”, “Жинди суу”, “Кыз жигит”  сыяктуу көптөгөн чыгармалардын автору.  Жазуучу 1964-жылы көз жумган.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: