super.kg logo

АКШда 4 күн бою токойдо жалгыз жүргөн 1 жарым жашар бала табылды

 

АКШда 4 күн бою токойдо жалгыз жүргөн 1 жарым жашар бала табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 1 жаш 6 айлык Кеннет Ховард 12-май күнү жоголгон. Куткаруучулар бригадасы 4 күн бою тик учак жана иттердин жардамы менен жакын жайгашкан токойдон издөө иштерин жүргүзүшүп, 15-май күнү үйүнөн 1 жарым чакырым алыстыктан баланы табышкан.

"Ховардды дароо тик учак менен ооруканага жеткиришкен. Учурда ал аймактык ооруканалардын биринде дарыланып жатат. Абалы жакшы, анын өмүрүндө эч кандай коркунуч жок.

Бала жоголгондо атасы аны уурдап кетишти деп ойлогон. Бирок төрт күн өткөндөн кийин Кеннет Ховард аман-эсен табылды. Ал кантип токойдо жалгыз жүрүп, бирок аман калганы таң калычтуу окуя болду", - деп билдирген жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн бири.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.05.2019. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Иии козу десе,курсагы 4кун бою кантти экен
17.05.2019. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Алланын амири менен бардык нерсе.
17.05.2019. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир жарым жашар болсо балким уурдалгандыр. Ойлонуп көрүп үйүнө жакын жерге таштап коюшкан болушу дагы мүмкүн
17.05.2019. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайдын кудурети аман эле болсун омуру узуун болсун ИншаАллах
20.05.2019. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балам менен тен экен журогум титиреп кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: