Жалал-Абадда каналдан 2-топтогу майып кишинин жансыз денеси табылды (абайлаңыз, сүрөт)




Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган райондун тургуну билдирди.
"15-майда каналдан 25-30 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Ал киши колдуу болушу мүмкүн" дейт тургун.
Ал эми облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, каза болгон адам киши колдуу болгон эмес.
"Каналдан табылган кишинин өлүмү боюнча тиешелүү экспертиза иштери дайындалып, факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, эч кандай кылмыштын белгилери байкалган жок. Териштирүү иштеринин натыйжасында каза болгон адам Сузак районунун тургуну экендиги аныкталып, жансыз дене туугандарына өткөрүлүп берилди. Ал 2-топтогу майып болгондугу белгилүү болду", - деди облустук милициянын басма сөз кызматкери.




