super.kg logo

Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча СИЗО-1ге камалган дарыгердин бутунун бармактары сынган

 

"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин ишин иликтөөнүн алкагында камакка алынган лаборант Ирина Цопованын бутунун бармактары сынган. Бул тууралуу Улуттук кыйноолордун алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Цопованын бутуна гипс коюлган жана анын эч кимге эч кандай доосу жок.

"Биздин кызматкерлер кирип чыгышты. Абалы жакшы экен. Ошондой эле СИЗО-1дин медициналык кызматкерлери врачтын ден соолугуна карата тийиштүү чараларды колдонуп жатышыптыр", - деди Сулайманов.

Буга чейин Ирина Цопова СИЗО-1деги абактан 2 кабаттуу керебеттин 2-кабатынан түшөм деп бутун кокустатып алган. Жыйынтыгында анын бутунда жарака бар экени аныкталганы айтылган.

Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. Ал эми 15-майда Мурдагы саламаттыкты сактоо министри, учурдагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаева жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да кармалган.

2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, "мыйзамдагы уурунун" иши январдан баштап кайра каралып жатканын билдирген. Маалыматта белгилүү болгондой, Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти Башкы прокуратура кайра карап, сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.05.2019. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2-чи кабатка жата албаса 1чи кабатка жаткырып койгула да.
18.05.2019. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bond02, сабашкан, кыйнап бир нерсени айт де айтпа деп кыйнаган. Двух ярусный кроваттан тушкондо бутун кайрып алды деген бул калп.
18.05.2019. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Батукаевди чыгарып эми дагы кобу кирет окшойт анын ордуна.Турсунбай Акун,Салямова ,АША ж.б
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: