Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпиондугуна катышат
Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдеш 8-11-август күндөрү АКШнын Майами шаарында өтөт. Учурда курама команда аталган өлкөгө кеткени белгилүү болду. Дзюдо федерациясынын жетекчиси Эркинбек Кадыракунов билдиргендей, 9 спортчудан турган команда 1-августтан 7-августка чейин АКШда машыгууларды өткөрүшмөкчү. Кыргызстандын атынан барчу спортчулар: Орозбек Сапарбеков (50 кг), Эртабылсын Рыскул уулу (55 кг), Алибек Чороев (55 кг), Жакшылык Туманбаев (60 кг), Минур Салимжанов (66 кг), Эрмек Сариев (73 кг), Эламан Абдыкеримов (81 кг), Азамат Бектурсунов (90 кг), Ростислав Дашков (90 килограммдан жогору).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.