Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Батукаевдин ишин кайра көтөрүүнүн башкы максаты Атамбаевге жетүү"
Кечээ, 16-майда кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилди. Буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.

Ал Батукаевдин иши кандай максатта кайра тергелип жатышы мүмкүн дегенге токтолду.
"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин маселеси бир нече жылдан кийин көтөрүлүп жатканына караганда, Батукаевдин бошотулушуна экс-президент Алмазбек Атамбаевдин түз тиешеси болгонун табышкан окшойт. Менин оюмча, башкы максат бул иш аркылуу Атамбаевге жетүү", - деди Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Жанар Акаев, Аида Исмаилова, Мирлан Жээнчороев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
2