super.kg logo

Монополияга каршы агенттик: "Яндекс Такси" керектөөчүлөрдү адаштыруучу жарнак бергени аныкталды"

 

Монополияга каршы агенттик "Яндекс Такси Б.В." компаниясынын жарнамалык материалдарын карап чыгып, анда "Жарнама жөнүндө" мыйзамдын ченемдери бузулганын аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

"Жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууну жүзөгө ашыруучу автотранспорттордо жайылтылган "Яндекс Такси" маалымат кызматынын жарнамасы керектөөчүлөрүн атайын адаштыруу үчүн пайдаланылган деп тапты.

Агенттик аталган жарнамада керектөөчү туура кабыл алуусу үчүн жеткиликтүү маалымат жок деп эсептейт. "Яндекс Такси Б.В." компаниясынын өзүнүн өнөктөштөрүнүн автотранспортторун "Яндекс Такси" деп бренддештирүү аркылуу жарнамалоосу керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келүүдө. Компания түздөн-түз жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын аткарбаганын жана жүргүнчүлөрдү ташуу айдыңында “Яндекс Такси” аталышындагы такси кызматынын жоктугун эске алуу менен, аталган компаниянын жүргүнчү ташыган автотранспорттордо жайылтылган жарнамасы талаптагыдай эмес деп аныкталды.

Териштирүүнүн жыйынтыгы менен эскертүү берилип, мыйзам бузуу фактысына карата административдик айып пул салуу боюнча иш өндүрүшкө алынды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
18.05.2019. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Армяшка,кармяшка компания.
18.05.2019. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жок кылгыла кыргызстанда озубуздун такси кызмат кылгандар жетиштуу
18.05.2019. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чыгаргыла биздин шаарлардан
18.05.2019. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жалан таксисттер жамандайт... Яндекс башка таксилерге караганда жакшы
19.05.2019. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1Adilet1, Яндекс кымбат счетчик менен, бирок билинбейт.
Тапкан пайданын баары чет мамлекетке кетет, налог толошпойт (таксопарк жок болгондон кийин налог толонбойт).
Биздин кыргыздардын таксисин колдонуш керек, (денежный оборот) акча айлануу кыргызстанда журот, налог толошот, налог толобосо балдар уйуно жардам корсотушот (биздин такси кызматтары). Бир заказдан 1сом балдар уйуно которушат, орто эсеп менен бир кундо 1000-2000 чейин заказ тушот, ошондо кунуно канча акча которулат балдар
19.05.2019. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тезинен кетиргиле бул компанияны, баардык жоопкерликтен качкан компания, кол астындагы дочерные фирмаларга жуктоп коюшкан жоопкерликтерин, бир нерсе болсо оздору суттон ак болуп чыга келишет!Бул брендди кетириш керек, адамга жакшылыгы жок бул компаниянын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: