Өкмөт башчынын бажасы Иманкадыр Рысалиев "Ачык өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчилигинен кетти
"Ачык Өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев кызматтан кетти.
Бул боюнча ал SUPER.KG порталына "отставкага кетүү боюнча арыз жазууга акыркы резонанстуу жалган маалыматтар себеп болду" деп билдирди.
17-майда Жогорку Кеңеште “КТ Мобайл” компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өттү. Анда “Мегаком” компаниясынын директору Акылбек Жамангулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун айткан.
Ал эми Рысалиев "Мегакомдун" башчысынын айтканы жалган жана чагымчылдык" деген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
Рейтинг:
0

