"Бавария" жетинчи ирет катары менен Германиянын чемпиону болду

Немис Бундеслигасынын 34-турунун алкагында мюнхендик "Бавария" франкфурттук "Айнтрахт" менен кез келди. Беттеш 5:1 эсеби менен аяктап, "Бавария" жетинчи ирет катары менен Германиянын чемпиону болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Мюнхендик команданын оюнчулары Кингсли Коман, Ренату Саншеш, Франк Рибери, Арьен Роббен жана Давид Алаба жеңишти камсыздай алышты. Ал эми коноктордун жалгыз голун Себастьен Аллер киргизди.
"Бавария" муну менен 78 упай топтой алды. Ал эми "Айнтрахт" 54 упай менен сезондо 7-орунду ээледи.
Мюнхендик клуб Бундеслиганын тарыхында көп жолу жеңишти багынткан лидер болуп саналат. Андан кийинки орунда "Нюрнберг" болсо, жеңиштердин саны боюнча үчүнчү орунда дортмунддук "Боруссия" бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Комментарийлер(3)
JENTLEMAN

19.05.2019. 08:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Админ Манчестер Сити Англия футболунда рекорд койдуго, аны эмнеге жазбайсыңар?
Эльвира Караева

19.05.2019. 12:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
JENTLEMAN, сиз айтканды ушул шилтемеден окуй аласыз: https://www.super.kg/kabar/news/271417/
Dembele84

20.05.2019. 13:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дортмунд сезондун аягында шансты колдоно албай Баварияга чемпиондукту алдырып жиберди,жалко!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.