Бүгүн жергиликтүү кеңештерди шайлоо өтөт (тизме)
Бүгүн, 19-майда Чүй, Нарын, Талас, Ош жана Баткен облустарынын тургундары жергиликтүү кеңештерге 233 депутат шайлайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, эртең менен саат 8:00дө 13 айылдык кеңеште добуш берүү үчүн 45 шайлоо участогу ачылды. Бардык участоктор керектүү жабдуулар, техника, маалыматтык материалдар менен жабдылган. Жергиликтүү мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары менен биргеликте үзгүлтүксүз электр энергиясы, телефон байланышы менен камсыздалган.
Шайлоочулардын тизмесине 54 миң 782 шайлоочу киргизилген. Шайлоо бюллетендеринин зарыл саны даярдалып, шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилген.
Бүгүн төмөнкү айылдык кеңештерди шайлоо өтөт:
- Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештерине;
- Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешине;
- Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешине, Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешине;
- Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештерине;
- Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешине.





Кайран кана мурдуна бок суйколгон кыргыздар.
Тарткылыгын али алдыда экен, белинди бек бууп туруп чыдагын, озундун зоокур уулдарына, озундун зоокур кыздарына!!!
Дооронбек Садырбаев