Угандада футболчулар менен күйөрмандары бараткан кайык оодарылып, 2 адам каза болду. 30 адам дайынсыз болууда
Угандада футболчулар жана алардын күйөрмандары бараткан кайык оодарылып кетип, 2 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя кечээ, 19-майда Уганданын батыш тарабында жайгашкан Альберт көлүндө орун алган. Анда жергиликтүү футбол командасынын оюнчулары жана күйөрмандары бараткан моторлуу кайык кырсыктаган.
"Окуя кайык жээктен 300 метрдей алыстагандан кийин болду. Анда катуу шамал башталып, көл толкуп баштаган. Кайыктын ичинде 50дөн ашык адам болгону айтылууда. Куткаруучулар суудан 2 адамдын жансыз денесин табышкан. Каргашалуу окуяга кабылгандардын 20сы өз алдынча жээкке чыга алышкан, учурда 30дай адам дайынсыз болууда", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.