super.kg logo

Huawei смартфондору Gmail электрондук почтасына жана Google Play дүкөнүнө кире албай калышы мүмкүн

 

Google компаниясы Huawei смартфондорун өзүнүн ресурстарынан ажыратат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Huawei смартфондорунда Android операциялык системин жаңылоо мүмкүнчүлүгү алынат. Мындан тышкары жаңы смартфондорго Google жасаган программалар орнотулбайт. Алардын ичинде Gmail электрондук почтасы жана Google Play тиркемелер дүкөнү кирет.

Март айында Huawei компаниясынын өкүлдөрү өзүнүн операциялык системин жасаганын билдиришкен.

АКШнын Соода министрлиги "Huawei кытай компаниясынын ишмердүүлүгү АКШнын улуттук коопсуздугуна каршы келет" деп кара тизмеге киргизген. 15-майда президент Дональд Трамп өлкөнүн маалымат-байланыш инфратүзүмүн коргоо үчүн өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөгө коркунуч жараткан чет элдик IT-компаниялар менен соода келишимдерин түзүүгө тыюу салууга уруксат берилет.

Huawei — заманбап технологиялар тармагындагы эң ири компаниялардын бири. Анын продукциялары дүйнөнүн 170 мамлекетинде колдонулат. Айрым изилдөөлөр боюнча, дүйнөдө саткан смартфондордун саны боюнча Huawei компаниясы экинчи орунда турат.

2017-жылы Кыргыз өкмөтү бул компания менен түз келишим түзүү аркылуу ишке ашырууга аракет кылып, бирок шектүү жагдайлар байкалган соӊ ал компания менен кызматташууну токтоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.05.2019. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул компаниянын планшетин колдонуп кыздарым сабак окушчу.3-4күндөн бери Google дан тапшырма аткаралы дешсе ачылбайт.Мен кыздарымды урушуп жатат элемда буздуңар деп...((((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: