Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайы таштарды атайылап кулатуу иштерине байланыштуу маал-маалы менен жабылат
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайы 20-майдан 24-майга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Боом капчыгайынын 132-чакырымында таштарды атайылап кулатуу иштерине байланыштуу бул жол тилкеси саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен жабылат.
"Эгер жолдо 30-40 машина чогулуп калса, таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат. Ошондой эле таш кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















