super.kg logo

Быйыл Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнү болору айтылууда. Миң айдан артык болгон Кадыр түндө эмнелерди кылуу керек?

 

Мусулмандар дин башкармалыгынын билдиргенине караганда, быйылкы Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнгө туш келиши мүмкүн.

Кадыр түн - акыркы пайгамбар Мухаммед (саллаллаху алейхи ва саллям) жана анын үммөтүнө берилген белек. Бул түндө аткарылган ибадат миң айлык ибадатка барабар деп айтылат. Пайгамбар айткан: "Алла Таала Кадыр түндү менин үммөтүмө ырайымдуулук кылып берген, мындан башка үммөттөргө берилген эмес". Экинчи бир хадисте минтип айткан: "Силерге Орозо айы келди. Анда бир кече бар, ал миң айдан артыгыраак. Кимде-ким ушул кечеден куру калса, анда ал бардык жакшылыктан куру калат, бирок бул кечеден бактысыз адам гана куру калат".

Кадыр түндүн мааниси.

"Кадыр" деген сөз, ислам аалымдары тарабынан 3 түрдүү чечмеленген:

1. "Өкүм түнү" деген маанини, башкача айтканда, Алланын тагдырында өкүмү чыгарылган иштердин ажыратылган түнү деген маанини билдирет. Бул жерде айтылып жаткан "тагдыр" эзелки белгилеп коюлган өкүм-чечимдердин ачыкка чыгуусу болуп эсептелет.

2. "Кадыр-барктуулук, улуулук" деген мааниде.

3. "Тардык, кысылуу". Мунун мааниси - бул түндө жер бетине түшкөн сансыз периштелерге жер тардык кылат. Кээ бир ислам аалымдарынын пикиринде, "кысылуунун" артында чоң жакшылыктар болот. Курандагы алгачкы аян, пайгамбарга Жабрайил периштенин катуу кысуусу менен башталган.

Бул түндө жасалган ибадаттардын сообу - миң айлык ибадаттын сообуна барабар. Бул түнү Жабрайил баштаган периштелер жер бетине түшүп, таң атканча адамдарга салам-тынчтык тилеп турушат. Бул түнү кимде-ким ыкылас менен ибадат кылса, анын күнөөлөрү кечирилет. Пайгамбар "Кимде-ким Кадыр түндү ишенүү менен сооп үмүт кылып өткөрсө, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет" деп айткан.

Исламда Кадыр түндүн так убактысы айтылган эмес. Кадыр кечеси Орозо айынын ичине жашырылган. Пайгамбар Мухаммад С.А.В. "Кадыр кечесин Орозо айынын ичинен издегиле", "Кадыр кечеси - Орозонун так түндөрүндө", "Кадыр кечеси - Орозонун акыркы он күнүндө" деген сыяктуу хадистерди айткан. Кадыр түн Орозонун 27-түнүндө деген айтымдар да бар.

Кадыр түндө эмне кылуу керек?

1. Кадыр кечесинде ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша намаз окуусу керек;

2. Куран окуй алгандар Куран окуп, окуй албагандар аны угуусу керек;

3. Көп дуба кылуу керек. Айша энебиз пайгамбардан (саллаллаху алейхи ва саллям) "Оо, Алланын элчиси, мен Кадыр кечесин таап калсам, кантип дуба кылайын?" деп сураганда, пайгамбар: "Аллахым, сен кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң, мени да кечир" деп дуба кыл деген;

4. Куран аяттарын, хадистерди жана башка диний маалыматтарды угуу керек;

5. Өткөн күнөөлөргө тобо кылуу керек;

6. Алланы зикир кылуу керек;

7. Өзүң жана өткөндөр үчүн дуба кылуу керек;

Кадыр түндө эмне кылганга болбойт?

1. Көңүл ачуучу жайлардан тосконго, ичимдик ичкенге болбойт;

2. Кадыр түндө ушак айтып, жаман сөз сүйлөшпөйт. Телевизор көрүүгө болот, бирок анда шариятка тиешелүү баяндарды же тарбиясы бар маанилүү тасмаларды көргөнгө гана уруксат. Ал эми башка маанидеги берүүлөрдү көрүүгө тыюу салынат;

3. Шаан-шөкөт кылып ырдап-чоордоп өткөрбөйт. Кадыр түндү дос-тааныштардын баарын чогултуп алып, шаан-шөкөт кылып ырдап-бийлеп өткөрүүгө ислам дини жол бербейт. Андан көрө ошол эле жоро-жолдоштор менен ак дасторкон четинде баяндарды айтып отурса сообу көбүрөөк тиет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
20.05.2019. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул түн, жана орозо айы мусулман адамга тиешелүү! Жанагы мусулман эмес кыргыздарга ЭЧ КАНДАЙ тиешеси жок. Түптүз өтүп кете бергиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: