Чек ара кызматы: "Кыргыз-Казак чек арасында 45тей жүк ташуучу унаа токтоп турат"

Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара участогунун “Ак-Тилек автожол” өткөрүү пунктунда чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте 45 жүк ташуучу автоунаа турат. Казак тарап 1 саатта 5-6 транспорттук каражатты кароодон өткөрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
"Кыргыз тараптан чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө жүк ташуучулар үчүн чектөөлөр жок. Кыргыз чек арачылары мамлекеттик чек арадан алып өтүүгө жүк ташуу каражаттарынан тыюу салынган баңгизат, алардын прекурсорлорун, курал-жарак, ок-дарыларды жана жарылуучу каражаттардын бар же жогун гана текшерүүдө. Мамлекеттик чек ара аркылуу көзөмөлдөө-өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

22:06
2025-07-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.