Ошто 10 жашар кыз каналга чөгүп каза болду
Ош шаарындагы Амур-Тимур кичи районундагы Южный каналына 2009-жылы туулган Ю.М. аттуу кичинекей кыз түшүп кетип каза болду. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Кырсык 19-майда катталган.
"ӨКМнын Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 20:50дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштерин убактылуу токтотушкан. Натыйжа болгон эмес. 20-май саат 06:24төн баштап издөө иштери улантылган. Куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу саат 06:35те кыздын жансыз денесин таап, ата-энесине өткөрүп беришти", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.